Биз менен байланышыңыз

Нурлан Мүсүралиев: Ишкерди камап эмес, ири өлчөмдө айып салып жазалоо керек

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Июн 2021 | 443 | 0

Мамлекет ишкерди камап эмес, ири өлчөмдө айып пул салып жазалашы керек. Мындай пикирин Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы кодекстер боюнча экономикалык кылмыштардын түрлөрү 23%га өсөт. Бул ишкерлерди камоо учурлары көбөйөт дегендик.

«Ишкерди камап салса, анын бизнеси токтойт,  мамлекетке салык төлөнбөй калат, жумуш орундар кыскарат. Ал түрмөгө түшкөндөн кийин ал жакта башка мыйзамдар иштеп баштайт. Ишкер ал жактын талабын биринчи кезекте камсыз кылат, ошондуктан  мамлекет утулуп калат. Андан тышкары мамлекет түрмөдөгү ар бир адамды кармап туруу үчүн канча бир миң сом коротот. Андан көрө экономикалык кылмыш кылган адамга 2-3 эсе айып салуу керек. Ошондо ишкер эмки жолкусунда андай кылмышка барардан мурун ойлонот. Эң башкысы, анын эркиндиги калып, ишин алып бара берет», — дейт Бизнес-Акыйкатчынын орун басары.

Ал ошондой эле жаңы кодексте тергөөчүгө ишкерди 20 суткага чейин кармап турууга укук берилип калганы туура эмес деген пикирин билдирди.

«Тергөөчү шектүүнү кармаса,  24 сааттын ичинде ичинде камашы керек же чыгарышы керек. Ошол эле кезде жаңы кодексте тергөөчүгө өзгөчө укук берилет экен: ишкерди 20 суткага чейин кармап, кошумча тергөө кылганга. Ушул жактан тобокелчилик көрүп жатабыз. 20 сутканын ичинде бардык эле адамды сындырып койсо болот. Биз буга да каршы чыгып жатабыз. Өзгөчө учурга кайсы учурлар кирери кодексте толук ачылбаптыр. Андыктан бул бир чоң тенденцияга айланып кетет деген ойдобуз», — дейт Мүсүралиев.

Ал жакында парламентте бул маселе караларын айтып, жарандарды, ишкерлерди кайдыгер карабоого чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM