Биз менен байланышыңыз

Футбол: Бүгүн Кыргызстан Япония менен ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 15 Июн 2021 | 1242 | 0

Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында бүгүн, 15-июнда Кыргызстандын курамасы Япония менен ойнойт.

Беттеш Япониянын Суйта шаарында өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 16:25те башталат.

2019-жылы Бишкекте Кыргызстан Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында Япония менен ойноп, 0:2 эсебинде жеңилип калган.

Мурунку беттештердегидей бул оюнга Валерий Кичин, Бекжан Сагынбаев, Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токотаев чыкпайт. Дарбазада Бишкектен Японияга атайын учуп барган Павел Матьяш турат.

Дүйнө биринчилигине тандоо турунда Кыргызстан F тайпасында жайгашкан. Бул тайпада алдыда Япония курамасы келе жатат. Ал 7 оюн өткөрүп, биринде да жеңилген эмес. Өткөн оюнда Мьянманы жеңген Кыргызстан экинчи орунга көтөрүлдү (10 упай). Андан кийин 7 беттеш өткөрүп, 10 упайга ээ болгон Тажикстан турат. Тайпада акыркы орундарды Мьянма (6 упай) жана Монголия (6 упай) ээлөөдө.

Кыргызстан курамасынын беттештери «КТРК Спорт», «Кыргыз Спорт ТВ» каналдарында жана Sportrecs платформасында көрсөтүлүүдө.

Футбол: Мирлан Мурзаев Кыргызстан-Мьянма беттешинде хет-трик жасады

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM