Биз менен байланышыңыз

«Жаңы кодекстер ишкерлерди колдоо боюнча жарлыкка дал келбейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Июн 2021 | 988 | 0

Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекстердин жаңы долбоору кабыл алынса, ишкерлерге эле эмес, баарыбызга терс таасирин тийгизет. Мындай пикирин Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратура тарабынан демилгеленип жаткан жаңы кодекстер 29-январда президент кол койгон «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгына дал келбей калган.

«Жарлыкта экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу жөнүндө жазылган.  Биздин адистер жаңы кодекстерди изилдеп көрүп, тескерисинче, криминалдаштыруу болуп калганын байкашты. Жаңы долбоорлорго ылайык, Жоруктар жөнүндө кодекс жоюлуп,  жоруктар экономикалык кылмыш катары эсептелинип калат экен. Андан тышкары жаңы кодекстерде экономикалык кылмыштар боюнча өзүнчө бир тергөө органы жок, андай укук Башкы прокуратурадан тышкары ИИМ, мамлекеттик күч органдарына берилет экен. Бизнести бир эмес, 3 органдын текшериши өтө терс таасирин тийгизет. Андай окуялар тарыхта болгон», — дейт Мүсүралиев.

Ал былтыр Артем Новиков премьер-министр болуп турганда, реформа боюнча кеңеш түзүлгөнүн эске салды. Анда жумушчу топ учурда иштеп жаткан кодекстерге өзгөртүү киргизүү боюнча бир жылдан ашык иш алып барган. Ишкерлер коомчулугуна да өз ой-пикирлерин айтууга мүмкүнчүлүк берилген. Ал эми азыркы жаңы кодексте алардын пикири, жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы эске алынбаганын айткан Нурлан Мүсүралиев мындай олуттуу долбоорлорду шашылыш кабыл албоо керектигин, анын кесепети жеке эле бизнеске эмес, баарына тиерин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM