Биз менен байланышыңыз

Суу тартыштыгы: Чүй облусунун дыйкандары митингге чыгышты

Коом , Чарбачыл | 14 Июн 2021 | 1439 | 0

Бүгүн 14-июнда Чүй облусунун дыйкандары сугат суу маселеси боюнча Өкмөт үйүнүн алдында митингге чыгышты. Облустагы суу тартыштыгы жыл сайын кайталана берип, элдин көкөйүнө тийип бүткөнүн, мындан улам керектүү өлчөмдөгү түшүм албай калуу коркунучу жаралып турганын айтышат алар. Бул кыйынчылык 5 айыл өкмөтүнүн баш оорусуна айланды.

Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы Адахан Исмаиловдун айтымында, жогоруда сөз болгон айылдар керектеле турган суунун жарымын гана алып келишет. Быйыл аба ырайы жылдагыдан ысык болуп жатканы үчүн да сугат суу тартыштыгы жаралган.

«Былтыркыга салыштырмалуу күн ысык болгондуктан, суу тартыш болуп жатат. Дыйкандарга 12 куб суу берилиши керек, бирок 6 куб гана суу бар бөлүнгөн. А бул сууну бөлүштүрүп келгенде 4 айыл өкмөткө жетпей калат. Эл суу талашып, бир топ көйгөйлөрдү жаратып жатат. «Карапайым элге суу бирдей берилсе» деп, бул жерге келип олтурабыз».

Чүйдөгү суу тартыштыгы быйыл эле пайда болгон көйгөй эмес. Сокулуктун Төмөнкү Чүй айыл өкмөтүнөн келген Гүлжамал Дүйшөбаева 20 жылдан бери ушул маселеден жабыркап келишерин айтат. Ар жыл сайын убада берилгени менен ишке ашпай келет.

«Айыл чарба министрлиги суу жагына катуу көңүл бөлүшү керек. Алар бул маселени карап чыккыча жай мезгили бүтөт. 10 күн болду, ушул маселе чечилбей келет, техника жетишсиз. Эл иш кылабыз деп насыя алган, зыянга учураса, жоопкерчиликти ким алат? Азыр дыйканчылык үчүн маанилүү учур. Дыйкандар буга чейин тиешелүү жактарга арыз-муңун айтып келишкен. Бирок элдин үнү бийликке жеткен жок». 

Суу чарба департаментинин жетекчиси Руслан Девяткулов ар бир дыйкандын жеринин аянтына карап, канча куб суу бөлүү керектиги боюнча келишим түзүлөрүн маалымдады. Бирок быйыл Чүй облусунда сугат суунун азайып кеткенине байланыштуу маселе дагы да курчуп жатат.

«Ар бир дыйкандын келишими бар, ошол келишимдин негизинде сууну бергенге милдеттүүбүз. Суунун көлөмүнө жараша болот. Быйыл Кыргызгидромет «суу аз болот» деп билдиришкен. Былтыркыга салыштырмалуу биз 80 млн куб сууну иштетип койдук. Керектүү көлөмдөгү суу берилбеди. Ошого тартыштык жаралып жатат. Барабыз ал жердеги көйгөйлөрдү карап. Ошого жараша сууну бөлүштүрүп беребиз. Мен өзүм 10-15 күн көзөмөлгө алам». 

Мурдагы Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев бул көйгөйдү чечүүнүн 3 жолун сунуш кылды.

«Биринчи жолу Совет учурундагы жер астынан суу чыгарган скважиналарды калыбына келтирип, суунун көлөмүн көбөйтүүгө болот. Экинчи жолу дыйканчылык талааларына атайын бассейндерди куруп, керектүү учурда ошол аркылуу суу менен камсыздаса болот. Бирок эң эффективдүү чара катары Кемин тараптагы бир долбоорду ишке ашыруу деп айтам. Ал тарапта чоң көлөмдөгү суу келип, жерге сиңип кетет. Жер асты менен барып, Казакстандын аймагына барганда жер үстүнө чыгат. Суунун аккан жолун бир аз жылдырып, 15,5 чакырымдык канал курулса, 60 кубдук Чүй каналына дагы 50 куб суу кошулмак. Ошондо секундасына 110 куб суу кирип, облустагы суу тартыштыгын чечип бермек». 

Белгилей кетсек, Чүй облусунун элинин көпчүлүгү аңыз-шалбаасына сууну Чүй каналынан алат.

Даярдаган: Орозгүл Аташова

Copyright © 2017 Maral FM