Биз менен байланышыңыз

Эшатов: Кыргызстандагы мунай заводдор иштесе, ички керектөөнү толук жапмакпыз

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Июн 2021 | 521 | 0

Кыргызстандагы мунай өндүрүүчү заводдор толук кандуу иштесе, ички рынокту толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу «Кыргызстандын нефтетрейдерлери» ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Энергетика министрлигинин мартта Жогорку Кеңеште жасаган баяндамасында айтылгандай,  Кыргызстанда мунай өндүрүүчү он завод бар: экөө-үчөө ири, калганы майда заводдор. Алардын жылына 2 млн 150 миң тонна мунай чыгарганга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле Кыргызстанда тастыкталган, изилденген 290 млн тонна нефти бар.

«Бул заводдор эмне себептен иштебей турганын Энергетика министрлигинен суроо керек. Болбосо, биздин ички керектөөбүз жылына  1,5 млн гана тонна. Заводдордун баары толук кандуу иштесе, биз өзүбүздүн ички керектөөбүздү камсыз кыла алмакпыз. Биз Энергетика министрлиги менен байланышып, сүйлөшөлү десек, такыр мүмкүнчүлүк болбой жатат. «Жунда» заводу былтыр пандемияда кытайлар үйүнө кеткен боюнча токтоп калыптыр. Ошол боюнча завод иштебей турат экен.  Жалал-Абаддагы «Кыргыз Петролеум Компани» иштеп жатат, бирок ал өтө эле аз көлөмдө чыгарып жатат», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM