Биз менен байланышыңыз

Голливуд «Жеңил парың менен» тасмасынын жаңы вариантын тартат

1975-жылы тартылып, советтик көрүүчүлөрдүн сүйүктүү тасмасына айланган «Тагдырдын тамашасы же жеңил парың менен» көркөм фильми эми Голливудда тартылат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Фильмдин англис тилиндеги вариантын орусиялык режиссер Мариус Вайсберг иштеп баштады. Жаңыртылып тартыла турган бул кинонун башкы каармандары Таня менен Женянын ролун Эмма Робертс менен Томас Манн ойнойт. Тасманын сценарийин Тиффани Полсен жазып жатат.

Вейсбергдин бул фильми мурдагы тасмадагыдай эле жаңы жыл алдында кокустан жолугуп, бири-бирин жакшы көрүп калган аял менен эркектин окуясын баяндайт.

Романтикалуу комедиянын жарыкка чыга турган күнү азырынча белгисиз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM