Биз менен байланышыңыз

Оштогу кайра шайлоого катышуу үчүн 9 партия документ тапшырды

Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 520 | 0

Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуу үчүн 9 партия документ тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Ошондой эле Токмок шаардык кеңешиндеги кайра шайлоого 6 партия катышууга камынууда.

БШКдан белгилешкендей, 13-июнда кайра шайлоого катышуу үчүн саясий партиялардын талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктаган.

Аймактык комиссиялар партиялар документ тапшыргандан кийин 10 күн ичинде талапкерлердин тизмелерди карап чыгып, каттоо же баш тартуу чечимин чыгарат.

Ошол эле учурда документтерде айрым мүчүлүштүктөр болсо, аймактык комиссия документтер түшкөндөн кийин 24 саат ичинде ал тууралуу партияга билдирет. Партия 48 саат ичинде документтерди тууралап бериши керек.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешке 17 партия катышууга ниетин билдирген.

Ош аймактык шайлоо комиссиясына документ тапшырган партиялар:

  1. «Ынтымак» саясий партиясы;
  2. «Улуу Журт» саясий партиясы;
  3. «Бир бол» саясий партиясы;
  4. «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы;
  5. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы;
  6. «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы;
  7. «Улуттар биримдиги» саясий партиясы;
  8. «Келечек-Будущее» саясий партиясы;
  9. «Нур» саясий партиясы.

Токмок аймактык шайлоо комиссиясына документ тапшырган партиялар:

  1. «Эл биримдиги» саясий партиясы;
  2. «Бирге-Вместе» саясий партиясы;
  3. «Эмгек» саясий партиясы;
  4. «Патриот ынтымагы» саясий партиясы;
  5. «Асыл Мурас жаштары» саясий партиясы;
  6. «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы.

Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өткөн. Мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине болгон шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM