Биз менен байланышыңыз

Канатбек Эшатов: Нефти продукциялары көп өндүрүлсө, баа турукташат

Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 310 | 0

Бензиндин баасы алдыдагы айларда дагы канча сомго кымбаттай турганын алдын ала билүүгө мүмкүн эмес. Бул тууралуу «Кыргызстандын нефтетрейдерлери» ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ар бир айдын башында Орусиянын заводдору нефти продукцияларына бааны коюп берет. Мисалы, июнь айына коюлган баа боюнча эсептегенде Кыргызстанда бензин 1,5-2 сомго кымбаттайт. Ал эми июль айында бензин канча сом болорун айтуу кыйын.

«Абал туруктуу болуп турса, заводдор бир айга бааны бекитип беришет. Мисалы, июнь айында бензиндин бир литри 1,5-2 сомго кымбаттайт. Бирок июль-августта кандай баа болорун айта албайбыз. Анткени бүгүнкү күндө баалардын айына 2-3 жолу жогорулаган учурлары да болуп жатат. Мисалы, март, апрель айларында баалар жумасына көтөрүлүп жатты», — дейт ал.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө ОПЕК келишиминин мүчө мамлекеттери нефтини өндүрүү көлөмүн көбөйтүп баштаганын, бул бара-бара баалардын турукташуусуна алып келет деген үмүтүн билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM