Биз менен байланышыңыз

Быйыл да чет жердеги мусулмандар Меккеге ажылыкка бара албайт

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июн 2021 | 767 | 0

Быйыл да коронавируска байланыштуу чет жердеги мусулмандар Меккеге ажылыкка бара албайт. Бул тууралуу orient.tm агенттиги жазды.

Сауд Аравиянын бийлигинин чечимине ылайык, өлкөдө жашаган 60 миң адамга гана ажылык кылууга уруксат берилген.

Ажылык жана умра иштери боюнча министрлиги билдиргендей, ыйык жерлерге эмдөөдөн өткөн, өнөкөт оорулары жок 18ден 65 жашка чейинки зыяратчылар киргизилет.

Быйыл ажылык сапар 17-22-июль күндөрү болот.

Copyright © 2017 Maral FM