Биз менен байланышыңыз

Самат Исманов: Спортко саясаттан мурун келгем

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Июн 2021 | 675 | 0

Айрым саясатчылар спорт клубдарды, федерацияларды жамынып, өз саясатын кылып жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Самат Исманов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өзү спортко саясаттан мурда аралашкан: 15 жыл мурун Федерация түзсө, 10 жыл мурун спорт клуб ачкан, Жогорку Кеңешке 8 ай мурун келген.

«Өзүңөр билгендей, Токмок шаары — бир аз криминал шаар. Биз: «Токмоктун жаштары көчөдө жүрбөсүн, арак ичпесин, тамеки тартпасын, намаз окуп, спортко жакын болсун», — деп жатабыз. Максатыбыз — аларды күчтүү кылып, спортсмен кылуу эмес, адам кылуу. Мен аларга жума сайын барып лекция өтөм. Хоббим — китеп окуу, өзүм көп окуган китептерди ала барып балдарга окуп берем. Аны талкуулайбыз. Балдар дилбаян жазышат. Аларды карап, кайсы баланын каякка көңүлү болсо, ошол окуу жайга тапшырганга түрткү беребиз. Электрик, сантехник жагына окутабыз. Карапайым үй-бүлөнүн балдарын акысыз машыктырабыз. Саясатка спортту жамынып келген жокмун», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM