Биз менен байланышыңыз

Депутат: Саясатчыларыбыз экономиканын алсыздыгынан колдонуп кетип атышат

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Июн 2021 | 787 | 0

Биздин мамлекетибиздин, экономикабыздын алсыздыгын айрым саясатчылар өз пайдасына колдонуп кетип жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Самат Исманов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк саясатчылар популизм менен алектенгенди жакшы көрүшөт.

«Тигил жакка барып сүрөткө түшүп, бул жакка барып сүрөткө түшүп, өзүн көрсөтүп, «мен бул ишти кылып атам», «мен фонарь илип койдум» дейт. Фонарь илүү саясий партиянын иши эмес, фонарь илүү, жол жасоо — мамлекеттин иши.  Мамлекет жасашы керек, алар эбактан эле болушу керек. Аны жасап, элге жаңылык катары көрсөтпөө керек. Бирок биздин экономикабыз алсыз болгондуктан, майда иштерди кылып коюп, ошону мактанып көрсөтүп жатышат. Ошону айрым саясатчыларыбыз колдонуп атат», — дейт ал.

Ал ошондой эле айрым кесиптештерин чымчып өттү.

«1 литр банкага 1 литр эле суу батат да. Бизде болсо, көп саясатчылар 1 литр банкага 3 литр суу куюп алышкан. Анысы ашып-ташып, өзүнө төгүлүп… «Мен көп бакырсам, көп сүйлөсөм, макал-лакап менен «красиво» сүйлөп салсам, эл мени жакшы көрүп калат», — деп ойлошот. Элдин жүрөгүнө тийген сөздү айтышат. Элдин ичи-койнуна кирип, добуш алат. Эл алданып шайлап коет, бирок парламентке келип деле бакылдап отурат. Бакылдаган менен жыйынтык жок болуп атпайбы», — деди депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM