Биз менен байланышыңыз

Макронду бетке чапкан 28 жаштагы жигит 4 айга соттолду

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июн 2021 | 574 | 0

Франциянын президенти Эммануэль Макронду бетке чапкан 28 жаштагы Дамьен Тарел 4 айга соттолду.

Соттун чечимине ылайык, ал жазасын өтөөгө дароо жөнөтүлөт.

Андан тышкары ал эки жыл аралыгында бир жерде иштеп же окуп, психологиялык жардам алып, башка мыйзам бузууларды жасабашы керек. Ошондой эле ага 5 жыл аралыгында курал алуусуна, мамлекеттик кызматка иштөөсүнө тыюу салынган.

Сотто ал Макронду бетке чапканын мойнуна алып, бирок жасаган ишине өкүнгөн эмес.

Прокуратура аны 18 айга соттоону суранган.

Эми тараптар соттун чечимине арыздануусуна 10 күн бар.

Эскерте кетсек, окуя 8-июнда Макрон Франциянын түштүк-чыгышындагы Дром департаментине барганда болгон. Ал элге келип, сүйлөшө баштаганда белгисиз бир адам аны бетке чаап жиберген.

Франциянын президенти Макронду бетке чапкан адам кармалды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM