Биз менен байланышыңыз

Франциянын президенти Макронду бетке чапкан адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 704 | 0

Франциянын президенти Эммануэль Макронду бетке чапкан адам кармалды. Бул тууралуу euronews.com жазды.

Окуя 8-июнда Макрон Франциянын түштүк-чыгышындагы Дром департаментине барганда болгон. Ал элге келип, алар менен сүйлөшө баштаганда белгисиз адам аны бетке чапкан.

Бул окуя боюнча эки киши кармалган. Макронду бетке чапкан адам аны эмнеге жасаганы азырынча белгисиз.

Франциянын премьер-министри Жан Кастекс парламенттин төмөнкү палатасынын отурумун ачып жатып, окуя боюнча мындай деген:

«Демократия – мыйзам чегинде боло турган дебаттар, сүйлөшүүлөр, ойлордун тиреши. Бирок сөз менен коркутуу, күч колдонуу болбошу керек».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM