Биз менен байланышыңыз

АКШда Капитолийди басып алууга шектелип 500гө жакын адам камакка алынган

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июн 2021 | 564 | 0

АКШда быйыл 6-январда Капитолийди басып алууга катышкан деп шектелип 500гө жакын адам камакка алынды. Бул тууралуу Американын федералдык иликтөөлөр бюросунун башчысы Кристофер Рей Эл өкүлдөр палатасынын юридикалык комитетинде сүйлөп жатып билдирди.

Ал учурда тергөө уланып жаткандыктан окуяга тиешеси бар дагы башка адамдар кармаларын эскерткен.

Рейдин айтымында, камалган адамдар белгилүү бир мыйзам бузууларга шектелип жатат. Ал январдагы окуянын катышуучулары өз көз караштары үчүн куугунтукталбаганын белгилеген.

Эскерте кетсек, быйыл 6-январда АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын тарапташтары 2020-жылдын ноябрь айында өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитүүгө жол бербөө үчүн Конгресстин имаратын басып алган. АКШнын Юстиция министрлиги ал окуяда 1,5 млн доллар зыян келтирилгенин эсептеп чыккан.

АКШ: Капитолийди басып алууда тарткан зыян $1,5 млн деп бааланды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM