Биз менен байланышыңыз

АКШ: Капитолийди басып алууда тарткан зыян $1,5 млн деп бааланды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 492 | 0

АКШнын Юстиция министрлиги быйыл январь айында Капитолийди басып алууда учураган зыянды 1,5 млн долларга баалады. Бул тууралуу The Washington Post гезитине таянып, «ТАСС» агенттиги жазды.

Тарткан зыян тууралуу маалымат аталган окуя боюнча ачылган иштердин биринин соттук териштирүү документтеринде айтылат. Айыптоочу тарап ал чыгымды соттолуучулардан өндүрүп алууну көздөөдө: бейбаштык менен айыпталгандардан 500 доллардан; ал эми андан оор кылмышка айыпталгандардан 2 миң доллардан.

Басылма жазгандай, чыгым кандай негизде эсептелгени толук түшүнүктүү эмес. Капитолийдин башкы архитекторунун өкүлдөрү билдиргендей, алар Юстиция министрлигине учураган зыян боюнча өз баасын берип, эсептер ошонун негизинде жүргүзүлгөн.

Мындан мурдараак Американын бийлиги Капитолийди басып алуунун жыйынтыгында тарыхый баалуулугу бар экспонаттар, сувенирлер, эмеректер бүлүнгөнүн, XIX кылымга таандык алтын күзгү, эшик-терезелердин көбү талкаланганын билдирген.

Эскерте кетсек, быйыл 6-январь күнү АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын тарапташтары 2020-жылдын ноябрь айында өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитүүгө жол бербөө үчүн Конгресстин имаратын басып алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM