Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан Мьянманы 5:0 эсебинде утууда

Кыска кабар , Спорт | 11 Июн 2021 | 836 | 0

Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында бүгүн, 11-июнда өтүп жаткан Кыргызстан менен Мьянманын беттешинин биринчи бөлүгүндө «ак шумкарлар» 5:0 эсебинде алдыга чыкты.

Беттеш Осака шаарындагы «Нагаи» стадионунда өтүүдө. Оюн Бишкек убактысы боюнча 13:00дө башталган.

Кыргызстандын эсебиндеги биринчи голду Мирлан Мурзаевдин айып аянтчасынан чыгарып берген тобун башы менен киргизген Турсунали Рустамов 22-мүнөттө киргизди. Андан көп өтпөй 29-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов эсепти 2:0 кылды. Үчүнчү голду Фархат Мусабеков 34-мүнөттө, ал эми төртүнчү голду Алимардон Шукуров 45-мүнөттө киргизди. Калыс ышкырыкты жаңыртар алдында (45+1) капитандык милдетти аткарып жаткан Мирлан Мурзаев эсепти 5:0 кылды.

Белгилей кетсек, Мьянманын 16-катар сандагы оюнчусу 24-мүнөттө эреже бузганы үчүн кызыл айып кагазын алып, оюндан чыгарылды.

2019-жылы Бишкекте «ак шумкарлар» Мьянма менен ойноп, аларды 7:0 эсебинде жеңген. ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 99, ал эми алардын атаандаштары 139-орунда турат.

Дүйнө биринчилигине тандоо турунда Кыргызстан F тайпасында жайгашкан. Бул тайпада алдыда Япония курамасы келе жатат. Ал 7 оюн өткөрүп, биринде да жеңилген эмес. Андан кийин 7 беттеш өткөрүп, 10 упайга ээ болгон Тажикстан турат. Кыргызстанда 7 упай бар. Тайпада акыркы орундарды Мьянма (6 упай) жана Монголия (6 упай) ээлөөдө.

Кыргызстан курамасынын беттештерин «КТРК Спорт», «Кыргыз Спорт ТВ» каналдарынан жана Sportrecs платформасынан көрүүгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM