Биз менен байланышыңыз

«Сениби, шашпа!» мультфильминин жаңы сериялары тартылды

«Сениби, шашпа!» мультфильмин жаңы анимациялык сериясынын бет ачары 2021-жылдын жай айларына пландалууда. Жаратуучулар долбоордун эл аралык деңгээлде жайылышына үмүттөнүшөт. Бул тууралуу «Союзмультфильм» киностудиясынын эл аралык бизнести өнүктүрүү жана сатуу бөлүмүнүн башчысы Валерия Коротина Key Buyers Event Digital программасында өткөн талкууда билдирди.

«Бет ачар 2021-жылы жайында болот. Биз азыр жакшы деңгээлде жарнамалап жатабыз. Бул мультфильм СССР убагында тартылгандыктан,ошол кезде эле Кытай, Түштүк-Чыгыш Азия, Европада суроо-талап чоң болгон. Жаңы сериясы да кеңири таралышына үмүттөнөбүз», — деди.

«Союзмультфильм» киностудиясы 2020-жылдан бери «Сениби, шашпа!» мультфильминин жаңы циклинин үстүнөн иштей баштаган. Биринчи сезон 52 сериядан турат. Карышкыр менен коёндун үнүн  актерлор Гарик Харламов жана Дмитрий Хрусталев коштойт. Бул тасмага өзгөчө дагы үч каарман кошулду. Алар: Барсук Тим, Ежик Шу жана Косуля Уля. Аталган долбоордун  жаңы аранжировкасын жасап жаткан музыкант Иван Дорн болду.

Мультфильм классикалык варианттын түздөн-түз уландысы эмес. Мында комедия түрүндө, диалогсуз жанрын сактап калуу менен окуя чагылдырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM