Биз менен байланышыңыз

«Союзмультфильм» Netflix менен кызматташууну көздөп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июн 2021 | 480 | 0

«Союзмультфильм» киностудиясы Netflix компаниясы менен кызматташууну көздөп жатат. Бул тууралуу interfax.by жазды.

Кызматташуу маселесин талкуулоо үчүн киностудиянын башкармалыгынын төрагасы Юлиана Слащева америкалык компания өкүлдөрү менен жолугушкан.

«Келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашырабыз деген ойдомун. Мурда жасалган же жасалып жаткан долбоорлорду, маселен, сериалдарды сатууга же толук метраждуу тасмаларга биргелешип продюсерлик кылууга үмүтүм бар», — деген ал.

Учурда аталган студия төрт толук метраждуу тасма тартууда. Алардын бири «Суворовдун адъютанты» тасмасы быйыл жыл аягында элдин сынына коюлат.

Ал эми 2023-жылдан тарта «Союзмультфильм» жылына 2 толук метраждуу тасмадан тартууну пландап жатат.

«Союзмультфильм» киностудиясы Сочи эс алуу багына кинотеатр ачат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM