Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Кыргызстанда АКШ базасынын турушу Орусия үчүн да пайдалуу

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Июн 2021 | 723 | 0

Эгерде АКШ менен сүйлөшүп, базаны Кыргызстанга киргизе турган болсок, аябагандай чоң жетишкендик болмок. Мындай пикирин саясатчы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул Кыргызстан үчүн гана эмес, Борбор Азия мамлекеттери, андан тышкары Орусия үчүн да пайдалуу болмок. Анткени сентябрда АКШнын аскерлери Афганистандан толук чыгып кетсе, Орусиянын өзүнө да коркунуч жаралып, буга чейин АКШ аткарып келген ролду алар өзүнө алууга аргасыз болот. Бул болсо — кошумча чыгым, ашыкча баш оору.

«АКШнын аскерий базасынын Кыргызстанда жайгашуусу өзгөчө кыргыз-тажик чатагынын, оор экономикалык абалдын фонунда чоң ийгилик болмок. Ал биздеги коопсуздук маселесине таасирин тийгизмек. Ошондой эле бул Борбор Азия мамлекеттери, ал гана эмес Орусияга да аябай пайдалуу. Сентябрда АКШнын аскери Афганистандан чыгат дегенден бери Орусиянын жогорку деңгээлдеги аскер кызматчылары, министрлери, Коопсуздук кызматынын кызматкерлери Тажикстанга байма-бай каттай башташты. Тажикстанга азыркы күндө аябагандай чоң аскердик окуу мүмкүнчүлүгүн түзө баштады. Муну көп убакта биз өзүбүзгө каршы алып жатабыз, чынын айтуу керек, ал бизге каршы эмес. Орусия Афганистандан аябай коркконунан Тажикстанга көп көңүл бөлө баштады. Аларды аскердик техника жактан чыңдай баштады. Кандай болгон күндө да Орусияга коркунуч жаралып калып жатат, ошон үчүн Орусия да ойлонушу керек», — дейт саясатчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM