Биз менен байланышыңыз

Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Мьянма беттешет

Кыска кабар , Спорт | 11 Июн 2021 | 815 | 0

Бүгүн, 11-июнда футбол боюнча Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курамасы Мьянма менен беттешет.

Беттеш Осака шаарындагы «Нагаи» стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча 13:00дө башталат.

Бул беттеште да айрым футболчулар оюнга чыкпайт. Алардын ичинде дарбазачылар да бар. Дарбазага оюнчулардын бири турат. Эскерте кетсек, 7-июнда Кыргызстан Монголия менен оюн өткөрүп, аларга 0:1 эсебинде жеңилип калган.

2019-жылы Бишкекте «ак шумкарлар» Мьянма менен ойноп, аларды 7:0 эсебинде жеңген. ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 99, ал эми алардын атаандаштары 139-орунда турат.

Мындан тышкары биздин курама 15-июнда Япония менен ойнойт.

Дүйнө биринчилигине тандоо турунда Кыргызстан F тайпасында жайгашкан. Бул тайпада алдыда Япония курамасы келе жатат. Ал 7 оюн өткөрүп, биринде да жеңилген эмес. Андан кийин 7 беттеш өткөрүп, 10 упайга ээ болгон Тажикстан турат. Кыргызстанда 7 упай бар. Тайпада акыркы орундарды Мьянма (6 упай) жана Монголия (6 упай) ээлөөдө.

Кыргызстан курамасынын беттештерин «КТРК Спорт», «Кыргыз Спорт ТВ» каналдарынан жана Sportrecs платформасынан көрүүгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM