Биз менен байланышыңыз

Аскарбек Жаныбеков министрликте кызматкерлер эмнеге көбөйгөнүн айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2021 | 714 | 0

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков «Маралга» берген маегинде учурда министрликтеги кызматкерлердин саны көбөйүп кеткени тууралуу суроого жооп берди.

Анын айтымында, 2021-жылдын 1-январына карата Айыл чарба министрлигинде 889 адам иштеп жаткан. Бирок анда министрликке суу чарбасы, жер агенттиги, токой чарбасы, ветеринардык-фитосанитардык кызмат да кошула элек болчу. Кийин ал кызматтар Айыл чарба министрлигине кошулганда, алар өздөрүнүн курамындагы кызматкерлери менен кирип, натыйжада министрликтеги кызматкерлердин саны 11 миң 500 адамга жеткен.

«Алар өзүнчө-өзүнчө турганда кызматкерлердин саны 11 500дөн да көп болчу. Биз бириккенде, бир топ кызматтар оптимизация болуп кыскарды, экинчиден, көп чыгымдар кыскарды. Себеби, жетекчилик кызматтар кыскарганда, алардын кабинеттери, алардын кызматкерлери, жардамчылары, айдоочулары,  кызматтык унаалары жана башка деген маселелерге байланышкан бир топ кыскаруулар болду. Бул жагынан бюджетке бир топ жеңилдик келди», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM