Биз менен байланышыңыз

Аскарбек Жаныбеков: Министрликке көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө шарт түзүлдү

Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 359 | 0

Айыл, суу чарба министрлигине аймактарды өнүктүрүү тармагын кошуп коюу — өтө көрөгөч чечим болду. Мындай пикирин аталган министрликтин жетекчиси Аскарбек Жаныбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин министрлик дыйкандардын көйгөйүн чечүүдө колу кыска, укуктары чектелүү болуп келген. Эми аймактарды өнүктүрүүнү эң негизги максат катары карап, анын үстүндө иш алып барылууда.

«Акыркы күндөрү жумушчу топ менен бирге ар бир облусту 4-5 күндөн кыдырып келип жаттым. Жумушчу топтун курамында токой чарбасынын жетекчиси, суу тармактарынын жетекчиси, ветеринардык-фитосанитардык кызмат жетекчиси, же анын орун басары,  жер ресурстары агенттигинин жетекчиси жана министрликтин курамындагы департамент жетекчилери болду. 

Министрликтин кайда барарын жергиликтүү бийлик аныктады. Эң негизги критерий- ошол облустагы көйгөйлөр. Ысык-Көл облусуна барганда, 4 күндүн ичинде 80 көйгөйлүү жерге бардык. Суу, токой маселеси чечилбей жаткан жерге ошол тармактын жетекчилери менен чогуу отуруп, 80 көйгөйдүн 74%ын ошол жерден чечип келдик. Мурда мындай кылуу мүмкүн эмес болчу. Дыйкандарыбыз ары-бери чуркап, убара болушчу. Айыл чарба министрлигине аймактарды өнүктүрүүнү кошуу көрөгөч чечим болду», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM