Биз менен байланышыңыз

Өлкөдөгү үрөн чарбалардын 40%га жакыны макамынан айрылды

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2021 | 626 | 0

Кыргызстандагы 139 үрөнчүлүк чарбадан болгону токсону талаптарга жооп берери аныкталды. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, министр кызматка келери менен үрөн чарбалардын ишин мониторинг кылуучу комиссия түзүп, аймактарды кыдыртып чыккан. Буга чейин андай комиссиялар министрликтин кызматкерлеринен эле турса, бул жолу жеке сектордон көз карандысыз серепчилер кошулган. Мониторингдин жыйынтыгы менен өлкөдөгү үрөн чарбалардын 40%га жакыны статусунан ажыраган.

«Бул эмнеге алып келет? Биринчиден, үрөн чарбаларында жоопкерчилик жогорулайт. Экинчиден, министрлик тарабынан талап коюу, ошол эле мезгилде жардам берип, шарт түзүп берүү мүмкүнчүлүгү көбөйөт. Сапаттуу үрөн өндүрүү үчүн мамлекеттик фонддон айдоо аянттарын бөлүп бере алабыз. Көп жери бар үрөн чарбада ошончолук көп, сапаттуу үрөн өндүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Экинчиси, дотация. Мамлекеттик бюджеттен быйылкы жылы 51 млн сом акча бөлүндү. Бул үрөн чарбаларга жардам эмес, түздөн-түз дыйканга жардам. Дыйкан 20 сомго үрөн сатып алам десе, анын 30%ын мамлекет төлөп берип атат. 20 сомдун 14 сомун дыйкан төлөйт, 6 сомун мамлекет үрөнчүлүк чарбага сапаттуу үрөн өндүрүү үчүн төлөп берип атат», — дейт министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM