Биз менен байланышыңыз

«Балага транспортто гаджет карматуу — ата-энелердин эң чоң катасы»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2021 | 292 | 0

Гаджет канчалык кичинекей болсо, зыяны ошончолук чоң болот. Бул тууралуу офтальмолог  Жаркын Боромбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 8 жашка чейинки балага күнүнө 20 мүнөт гана гаджет колдонууга уруксат берилет. Такыр эле болбосо, 2-3 саат эс алдырып туруп, кайра 20 мүнөткө көрсөтсө болот. Бул убакытта бала көзү менен телефондун ортосундагы 30 сантиметр аралыкты сакташы керек. Гаджет канчалык кичирээк болсо, элементтер ошончолук кичинекей болуп, баланын көзүнө күч келет.

«Ата-энелердин эң чоң катасы — транспортто бара жаткан баланы тынчтандыруу максатында гаджет карматып коюусу. Бул — эң зыян. Автоунаа жүрүп баратканда кыймылдайт, силкилдейт, мындан фокус туура эмес болот да, баланын көрүүсү начарлап баштайт. Жатып алып, телефонду жакын кармап көргөн да абдан зыяндуу. Андан көрө ошол мультфильмди телевизордон көрсөткөн жакшы. Телевизор карагандан көз телефон, планшет карагандай көп чарчабайт. Ата-эне баласы телевизорго канчалык жакын келип көрүп жатканына да маани бериши керек. Өтө жакын келип көрүп атса, демек баланын көрүүсү начар», — дейт дарыгер.

Ал ошондой эле телевизорду бийик илбөө керектигин эскертти. Офтальмологдун айтымында, баланын бою кичирээк болгондуктан, телевизорду көзүнүн төбөсү менен карап көрүүгө аргасыз болот. Бул да баланын көрүүсүнө зыян алып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM