Биз менен байланышыңыз

Эгемендиктин 30 жылдыгы быйыл өзгөчө өтөт

Коом , Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 1640 | 0

Быйыл 31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендик алганына 30 жыл толот. Буга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов атайын кеңешме уюштуруп, анда мааракелик датаны татыктуу өткөрүү үчүн иш-чараларга даярдык көрүү планы талкууланган. Бул дата мурдагы жылдардан өзгөчө өтөрү, башкача майрамдалары да айтылган. Майрамга көрүлүп жаткан даярдыктардан маалымат алуу үчүн биз Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборунун директору Жумакадыр Курмангалиевди кепке тарттык.

— Эгемендиктин 30 жылдыгы өзгөчө форматта өтөрү айтылган. Даярдык кандай болууда? 

— Эгемендиктин 30 жылдыгын утурлай респбулика боюнча бардык аймактарда, облустарда, айыл өкмөттөрдө маданий иш-чараларды өткөзөбүз. Аны менен катар былтыр пандемияга байланыштуу өтпөй калган мааракелер: Тоголок Молдонун 160 жылдыгы, Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы, Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы, Жусуп Турусбековдун 120 жылдыгы да быйыл өткөрүлөт. Мындан сырткары Эгемендиктин 30 жылдыгында Бишкекте чоң программадагы театралдаштырылган оюн-зоок өтөт. Анын үстүндө азыр атайын сценаристтер иш алып барып жатышат.

— Кайсы жакта өткөрүү пландалууда? Кандай өзгөчөлүктөр бар, билсек болобу? 

— Бүгүнкү күндө майрамдык иш-чара Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо же Талас облусундагы «Манас-Ордо» комплексинде өткөрүлөбү, азырынча белгисиз. Ушул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө, жакын арада чечим кабыл алынат. Мындан тышкары Эгемендиктин 30 жылдыгынын алкагында Кыргызстандан, Өзбекстандан, Казакстандан эстрада жылдыздары келип, чоң концерт берери мерчемделип жатат. Ошондой эле Орто Азия жаштарынын симфониялык оркестринин концерти болжолдонууда. Буюрса, бул иш-чаралар 30-31-августта өтөт деп пландап жатабыз.

— Иш-чараларды өткөрүүнүн каржысы эсептелип чыктыбы? Болжол менен канча сумма жумшалчудай? 

-Каражатын санай элекпиз, анткени уюштуруу тобу гана түзүлдү. Жумушчу топ эми түзүлөт. Режиссёрлук топ түзүлгөндөн кийин алар өзүлөрү сценаристтер менен кошо эсептеп чыгып, канча каражат кетерин айтышат.

Copyright © 2017 Maral FM