Биз менен байланышыңыз

Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын жоголушу боюнча үн катты

Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 1486 | 0

Президент Садыр Жапаров Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында Режеп Тайип Эрдоган менен Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды боюнча да сүйлөшкөн. Бул тууралуу Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев «Маралга» билдирди.

 «Президент Садыр Жапаров кесиптеши Режеп Тайып Эрдогандан Орхан Инандынын Кыргызстанда жоголушу боюнча сурады. Режеп Тайып Эрдоган аны тааныбастыгын, ал жөнүндө маалыматы жоктугун, алар жөнүндө билгиси да келбесин айтты», — деди Султанбаев.

Эске салсак, «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 31-майда дайынсыз жоголуп, бүгүнкү күнгө чейин ал жөнүндө эч кандай маалымат айтыла элек. Буга чейин «Инанды Түркиянын элчилигин имаратында кармалып турат» деген маалыматтар тараган, бирок Түркиянын элчилиги жооп кайтарып, билдирүүлөрдү четке каккан. Милиция Орхан Инандыны издөө, анын жоголушу боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Copyright © 2017 Maral FM