Биз менен байланышыңыз

Офтальмолог: Гаджеттерди көп колдонуудан көз оорулары көбөйүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2021 | 432 | 0

Күнүмдүк турмушта гаджеттерди көп пайдалануу көз ооруларынын көбөйүшүнө алып келүүдө. Бул тууралуу офтальмолог Жаркын Боромбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Адамдар эртеден кечке чейин офисте компьютер колдонот, үйүнө кайтып баратып, коомдук транспортто телефон карайт, уктаар алдында дагы жарыкты өчүрүп алып, телефон тиктейт. Мунун баары — көзгө зыян.

Адистин айтымында, иш учурунда ар бир жарым саат сайын жумушту токтото туруп, көздү эс алдырыш керек.  Бир мүнөттөн болсо да, көздү монитордон алып, алыс жакты карап, көз гимнастикасын жасоо зарыл.

Ошондой эле кечке офисте отурганда, аба алмашпай «кургак көз синдрому» пайда болот. Ал дагы көрүүнүн начарлашына алып келет.

«Экран карап отурганда, көздү бат-бат ирмеп туруу керек. Витаминдерди жеш керек. Мисалы: лютеин. Ал көз чарчаганда, көрүү начарлаганда жакшы жардам берет. «Черника форте» деген дагы витамин бар. Андан сырткары витамин А, Е. Негизи эле болгон витаминдерди жей берсе, организмге ашыкча болбойт», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM