Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы университет Садыр Жапаровго профессор наамын тапшырды (видео)

Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 806 | 0
Фото: Айбек Сарыгул

Түркиянын Экономика жана технология университети президент Садыр Жапаровго Эл аралык мамилер боюнча профессор наамын тапшырды. Бул тууралуу Бишкек эркин экономикалык аймагынын директору Кудрет Тайчабаров өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп: «Учурдан пайдаланып ардактуу доктор наамын ыйгарганыңыздар үчүн рахматымды билдирем. Бул наам мен үчүн өтө чоң сыймык» деди президент.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда бизнес-форумга да катышууда, ага Кыргызстандан 60 ишкер барган.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапары уланууда.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 8 документке кол коюшту.

Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташуу Кеңешинин (ТМКК) алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Расмий иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Ошондой эле ал Түркиянын борбору Анкара шаарында иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандары, студенттери жана диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугушат.

Copyright © 2017 Maral FM