Биз менен байланышыңыз

Монголия: Президенттик шайлоодо мурдагы өкмөт башчы эң көп добуш алды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 359 | 0

Монголияда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен Монголия элдик партиясынын төрагасы, мурдагы өкмөт башчы Ухнаагийн Хурэлсух эң көп добуш алды. Бул тууралуу MONTSAME улуттук маалымат агенттиги жазды.

Президентти шайлоого шайлоочулардын 67,6%ы катышкан. Алардын ичинен Ухнаагийн Хурэлсухка 815 миңден ашык жаран добуш берген. Ал эми анын атаандаштары Содномзундуйн Эрдэнэ 72 миң, Дангаасурэнгийн Энхбат 242 миңден ашык добуш алган.

Ухнаагийн Хурэлсух Монголиянын элдик партиясын 2017-жылдын ноябрь айынан бери жетектеп келет. Ал 2017-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын 21-январына чейин Монголиянын өкмөт башчысы болгон.

Эскертке кетсек, Монголияда 9-июнда өткөн президенттик шайлоодо үч талапкер ат салышкан. Бул шайлоого Монголиянын учурдагы президенти Халтмаагийн Баттулга катышкан эмес.

Президенттик шайлоо Монголиянын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин алгачкы ирет өттү. Ага ылайык президент 6 жылдык мөөнөткө бир гана жолу шайланат.

Монголияда президенттик шайлоо өтүүдө

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM