Биз менен байланышыңыз

Монголияда президенттик шайлоо өтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 522 | 0

Бүгүн, 9-июнь күнү Монголияда президенттик шайлоо өтүүдө.

Өлкө башчылыгына үч адам талапкер болууда: Монголиянын элдик партиясынын төрагасы, мурдагы өкмөт башчы Ухнаагийн Хурэлсух, оппозициячыл Демократиялык партиянын мурдагы төрагасы Содномзундуйн Эрдэнэ жана парламенттин мурдагы депутаты Дангаасурэнгийн Энхбат.

Бул президенттик шайлоо Монголиянын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин алгачкы ирет өтүп жатат. Ага ылайык президент 6 жылдык мөөнөткө бир гана жолу шайланат.

Монголияда шайлоочулардын саны 2,15 миллионду түзөт. Шайлоо эртең мененки саат 07:00дөн кечки саат 22:00гө чейин жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM