Connect with us

«Жаңы кодекстер шашылыш, чийки бойдон кабыл алынганы турат»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2021 | 344 | 0

Учурдагы кодекстерди иштеп чыгууга 5 жыл кеткен. Азыркы долбоорлор шашылыш кабыл алынчудай болуп турат. Мындай пикирин Конституциялык палатанын мурунку судьясы, юрист Клара Сооронкулова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы долбоорлор башкы прокурор Курманкул Зулушевдин эле  демилгеси, каалоосу менен болуп жаткандай, ал өзүнүн көз карашын таңуулап жаткандай сезим калтырууда. Долбоорлорду изилдеп, анализдеп, сунуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок. Талкуулоо иштерине жадагалса ЖМК өкүлдөрү да киргизилген жок.

«Жаңы кодекстерди эч ким 1-2 айдын ичинде кабыл албайт. Ал узак мөөнөттү талап кыла турган иш. Президент: «Тез кабыл алып бергиле», — деди. Парламент бир мыйзамды 3 окуудан бир күндө өткөрүп койгон адат таап албадыбы. Эми булар талкуулабай эле, эч нерсесин карабай эле кабыл алып беришет. Ушул эле парламент 2017-жылы учурда иштеп жаткан кодекстерди кабыл алып берген. Эми «жок, жарабайт» десе, ошого макул болуп, башкасын кабыл алып бергени турат», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM