Биз менен байланышыңыз

Адис: Интернет-дүкөндөр гив оюндарына катышуудан пайда таппайт

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Июн 2021 | 458 | 0

Интернет-дүкөн ачып жаткандар үчүн гив оюндарына катышуунун пайдасы жок. Бул тууралуу «Асистем» IT компаниясынын жетекчиси Асылбек Айтматов «Маралга» берген маегинде билдирди. Маек «Интернет — дүкөнүн ачуу үчүн эмнеден баштоо керек?» деген суроонун айланасында жүргөн.

Анын айтымында, Инстаграм менен ФБнын технологиясы абдан жөнөкөй көрүнгөнү менен артында жасалма интеллекттен баштап көптөгөн нерсе турат.

«Мисалы, менин 100 катталуучум болсо, товар чыгарсам, Инстаграм биринчи алардын 10-20сына көрсөткөнгө аракет кылат. Алар лайк басып, карап, комментарий жазып жаткан болсо, анда Инстаграм аны «ии, кызыктуу экен» деп, көп кишилерге көрсөтүп баштайт. Гивге катышуунун зыяны: баракчаңарга силердин товарга кызыкпаган адамдар жазылып алат. Инстаграм товарыңарды силерге жазылган 10 миң кишинин 10% болгон миң кишиге көрсөтсө, эч ким лайк баспашы мүмкүн, кызыкпашы мүмкүн. Өткөрүп ийишет. Инстаграм бул посттун эч кимге кереги жок экен деп ойлоп калат. Аз катталуучуңуз болсо да, сиздин чыгарганыңыз аларга кызыктуу болуп, жагып турса, гив менен көп катталуучу кылып алганга караганда, ошолор жакшы натыйжа алып келет», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM