Биз менен байланышыңыз

«Интернет-дүкөндү нөлдөн деле баштаса болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Июн 2021 | 419 | 0

Эгер адамда каалоо күч болсо, интернет-дүкөндү нөлдөн деле баштаса болот. Бул тууралуу «Асистем» IT компаниясынын жетекчиси Асылбек Айтматов «Маралга» берген маегинде билдирди.  Маек «Интернет-дүкөнүн ачуу үчүн эмнеден баштоо керек?» деген суроонун айланасында жүргөн.

Анын айтымында, интернет-дүкөн ачуунун эң жөнөкөй жолу — бирөөлөр менен сүйлөшүп алып, алардын товарын сатышып, пайызын алуу.

А эгерде сата турган товары бар, бирок аз болсо, анда Инстаграм менен Фейсбуктан, же кадимки биз колдонуп жүргөн Whatsapp аркылуу деле сатса болот.

«Ал жакта магазиндин функциясы бар, «Каталог» деп коет. Бизнес вотсапты ачып, кайра-кайра ар кимге жөнөтпөш үчүн ошол жакка бир жолу товарларды киргизип алат. Ошону ар бир адамдын контагында жок дегенде 100дөн 3 миңге чейин  адам бар, ошол жакка  жөнөтүп сатып баштаса болот», — дейт ал.

Ал бардык эле бизнесте кереметке ишенбөө керектигин белгиледи.

«100 доллар коротуп, 100 миң доллар таап алам деген — иллюзия. Бардык бизнестин өзүнүн рентабелдүүлүгү бар. Бирөө миң доллар коротсо, 2-3 айдан кийин айына 300-400 доллар чыгышы мүмкүн. Бирөө 5 миң доллар коротсо, ал айына 500-1000 доллар табышы мүмкүн», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM