Биз менен байланышыңыз

Нью-Йорк соту «Кумтөр Голд Компанинин» өтүнүчүн канааттандырды

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 871 | 0

АКШдагы банкроттуулук боюнча сот 8-июнда «Кумтөр Голд» жана «Кумтөр Оперейтинг» компанияларынын өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Нью-Йорктун Түштүк округуна караштуу бул соттун судьясы Лиза Бекермандын чечимине ылайык, эки компанияны юридикалык же административдик жоопко тартууга, алардан доо өндүрүүгө жана ал ишканалардын мүлкүн тартып алууга тыюу салынат. Ошондой эле кендин ишине байланыштуу контракттарды токтотууга же өзгөртүүгө да болбойт. Бул чектөө бардык жеке адамдарга жана чет өлкөлүк же жергиликтүү өкмөттүк мекемелерге да тиешелүү.

«Бул чечим боюнча Кыргызстандын расмий органдары комментарий бере элек. Нью-Йорктогу сотко катышкан Кыргыз Өкмөтү жалдаган юридикалык компаниянын адвокаттары «Кумтөр» алтын кенине тыштан башкаруу киргизүү чечими мыйзамдуу болгонун белгилешти. Кыргыз Өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргогон адвокаттар Нью-Йорктогу соттук териштирүүгө каршы арызданууну көздөп жатканын 8-июнда The Wall Street Journal басылмасы жазды. «Кумтөргө» байланыштуу Нью-Йорктогу соттук отурум дагы улана турган болду», — деп жазат «Азаттык».

«Кумтөр Голд» жана «Кумтөр Оперейтинг» компаниялары АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде сотко кайрылганын «Кумтөр» алтын кенин иштетип келген «Центерра Голд» компаниясы 1-июнда билдирген. Компания Нью-Йорктогу сот жараяны «Кумтөр Голд Компани» менен «Кумтөр Оперейтинг Компаниге» каршы бардык доолордун автоматтык түрдө убактылуу токтотулушун камсыз кыларын маалымдаган эле.

Кыргыз Өкмөтү «Центерра Голд» компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында «Кумтөр Голд» ишканасына тыштан башкаруу киргизген. «Центерра» кыргыз тараптын дооматтарын четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга кайрылган. Арбитраждагы териштирүү качан башталары азырынча белгисиз.

Copyright © 2017 Maral FM