Биз менен байланышыңыз

1-июндан тарта Кыргызстанда 10 миңге жакын унаа кайра каттоодон өттү

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 428 | 0

1-июндан тарта Кыргызстанда 9 миң 785 унаа кайра каттоодон өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

1-июнда Кыргызстанда унааларды кайра каттоо боюнча улуттук өнөктүк башталган. Анын алкагында жарандар 31-декабрга чейин унааларын арзандатуу менен кайра каттоодон өткөрө алышат.

Кайра каттоонун акысы унаанын жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө карабай 1 миң 360 сом болот. Жаңы мамлекеттик номур албагандар үчүн ал акы 460 сомду түзөт.

Автоунааларды арзан баада кайра каттоо боюнча акция өтөт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM