Биз менен байланышыңыз

Автоунааларды арзан баада кайра каттоо боюнча акция өтөт

Кыска кабар | 26 мая 2021 | 1484 | 1

1-июндан баштап унааларды кайра каттоонун баасы арзандайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Мекеме унааларды нөлдүк ставка менен кайрадан каттоо боюнча улуттук кампания баштайт. Акция учурунда кайрадан каттоонун баасы автоунаанын чыккан жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө карабастан 1360 сомду түзөт.

Кайра каттоодо сатуучунун жана сатып алуучунун каалоосу менен номурдун үч же төрт орундуу болгонуна карабастан автоунаанын мамлекеттик каттоо белгисин алмаштырбай коюуга болот.

Ошондой эле ээсинин каалоосу менен унаа каттоодон чыгарылганда мамлекеттик номурду бир ай бою «Унаа» мамлекеттик мекемесинде сактап, жаңы алынган автоунаага бекитсе болот.

Эгер айдоочу жаңы номер сатып албаса, автоунааны кайрадан каттоонун баасы 460 сомго чейин төмөндөйт.

Өкмөт бардык унаа ээлерин жеңилдиктерди колдонуп, автоунааларды өз атына каттатууну өтүнөт. Акция ушул жылдын 31-декабрына чейин гана созулат.

Copyright © 2017 Maral FM