Биз менен байланышыңыз

Орхан Инандынын унаасындагы видеорегистратордогу сүрөттөр жарыяланды

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 265 | 0

Жактоочу Таалайгүл Токтакунова Фейсбукка Орхан Инандынын унаасындагы видеорегистраторго тартылып калган деген сүрөттөрдү жарыялап, кыска пост жазган.

«Орхан Инандынын унаасынан ал жоголордон мурда тартылып калган акыркы сүрөттөр. Сүрөттөгү адамды тааныгандар бар чыгар. Анын жакындары тергөөчү видеорегистратордогу бул жазууларды алган эмес деп жатат. Балким, ИИМ тирүү «күбөлөр» же уурдашы мүмкүн болгон адамдарды эмес, курулуш жүргөн жерлерде издөө жакшыраак деп чечкен окшойт», — деп жазган ал.

Ал видеорегистратордогу жазуулар тергөөчүгө берилгенин, бирок ал жазуулар иштин материалдарына тиркелип-тиркелбегени тууралуу билдирбегенин жазган.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. ИИМ бул факты боюнча «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM