Биз менен байланышыңыз

Президентти Түркияга коштоп кеткен делегациянын курамы

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 2882 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда расмий иш сапары менен Түркияга жөнөп кетти.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Өлкө башчылары эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Мындан сырткары Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин V жыйынына катышат.

Расмий иш сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоптун жолугушуусу күтүлүүдө.

Мамлекет башчы ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Кыргызстандын Түркияда иштеген жарандары, студенттер, диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен кезигет.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

— Президенттин жубайы Айгүл Жапарова

— Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев

— Президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов

— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев

— Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев

— Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов

— Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев

— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев

— Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов

— Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев

Copyright © 2017 Maral FM