Биз менен байланышыңыз

«Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет

Коом | 8 Июн 2021 | 1248 | 0

Кыргыз Өкмөтү 2011-жылдын 8-августунда унаа жолдордун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзамды бекиткен №454 токтомун кабыл алган. Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары бул токтомдун социалдык-экономикалык, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келүүчү көптөгөн кемчиликтери бар экенин айтып келишет. Буга байланыштуу бүгүн, 8-июнда аталган мыйзамды, токтомду талкуулаган тегерек стол болуп өттү. Жыйынга Транспорт жана жол министрлигинин автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын башкы адиси Нурмат Мусабеков да катышты. 

Жыйын негизинен 2011-жылдын 8-августунда Кыргыз Өкмөтү кабыл алган №454 токтомунда каралган автоунаалардын линиялык параметрлерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө арналды. Айдоочулар өлкөнүн «бөлүнбөс жүк» аталышындагы оор жүк ташуучу унаалардын жолдо жүрүүсүнө чектөөлөрдү алып салууну суранып жатышат.

Юрист Арстанбек Ормушов бул ыңгайсыздыкты жараткан абал тууралуу айдоочулар бир топ жолу Транспорт жана жол министрлигине кайрылышканын айтты. Ал бул маселе бир нече жолу көтөрүлсө да, айдоочулардын азыркы сунушу министрлик тарабынан колдоо таппай келгенин белгилейт.

«Биринчиден, оор көлөмдөгү унааларды ар тараптан кысып, салык төлөтүп, жүктөрдү ташууда бир топ кыйынчылыктар жаралып жатат. Оор жана ири көлөмдөгү унаалардын айдоочулары аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана сунуштарды киргизүү тууралуу көп жолу маселе көтөрүп чыккан. Ал эми бүгүн атайын Транспорт жана жол министрлигинин өкүлдөрүн тегерек столго чакырдык. Алар менен түз сүйлөшүп, айдоочулардын суроолоруна жооп алуу максатын көздөдүк. Ал эми буга чейин министрлик бул кырдаалга маани бербей келген. Министрликтин өкүлдөрүн бир топ жолу жолугушууга чакырдык. Тилекке каршы, бул көйгөй аларды кызыктырбады».

Автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын башкы адиси Нурмат Мусабеков айдоочулардын нааразычылыгын жараткан бардык суроолорго мыйзам чегинде жооп берди. Анын айтымында, акыркы жолу бул мыйзамга 2020-жылы өзгөртүүлөр киргизилген.

«Минск келишими биздин өлкөдө 1998-жылы кабыл алынган. Тилекке каршы, ал учурда көп автоунаанын комбинациясы жок болчу. Андан бери 20 жылдан ашык убакыт өттү. Көптөгөн жаңы унаалардын модификациясы чыкты. Бул Минск келишимине кирбегендиктен, боштук деп эсептелинет. Аны биз өзүбүздүн ченемдик-пункттук актылардын негизинде жана айдоочулардын кайрылуусунан кийин мыйзамга жаңы түшүнүктөрдү киргизүү менен аны азыркы учурга ыңгайлаштырып өзгөртөбүз. Бул боюнча бир канча иштер пландалып, көйгөйдүн алдын алуу максатында болжолдуу түрдө долбоор иштелип чыкты».

№454 токтомго ылайык, айдоочулар 2011-жылдан 2015-жылга чейин атайын уруксат кагаздарын, медициналык маалымкаттарды жана башка тийиштүү документтерди посттон алып жүрүшкөн. 2015-жылдан кийин Жол кайгуул кызматына жана башка бир топ органдарга кайрылып, ошонун негизинде алып келишет. Учурда бул маселе айдоочулардын нааразычылыгын жаратууда. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин инспектору Нурказы Маданов маалымат берди.

«Коррупциялык иштин алдын алуу максатында постто эмес, атайын Жол кайгуул кызматында уруксат кагазы бериле баштаган. Учурда санариптик жаңы долбоор иштелип чыкты. Ар бир айдоочу алдын ала буйрутма берүү аркылуу тиешелүү документтерди электрондук түрдө алса болот. Уруксат кагазын алуу үчүн биринчи биздин министрликке буйрутма бересиздер. Биз 2 саат убакыт ичинде карап чыгабыз. Андан соң Жол кайгуул кызматына жөнөтөбүз. Алар 1 күн ичинде жооп беришет. Бул долбоор ишке киргенден тартып, уруксат кагазы посттон бериле баштайт. Бул айдоочулардын убактысын үнөмдөө, ишин жеңилдетүү максатында атайын түзүлгөн шарт болуп эсептелинет».

Учурдагы мыйзамда жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору аркылуу максималдык өлчөмдөрдүн, жалпы салмактын, октук жүк көтөрүмдүүлүктүн жана башка линиялык параметрлердин белгиленген ченемдеринен ашпаган унаалардын жүрүүсүнө уруксат берилген. Уруксат берилген унааларды Өкмөт көзөмөлгө алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM