Connect with us

Кыргызстанда акыркы төрт жылда импорт өсүп, экспорт азайды

Экономика | 26 Окт 2021 | 1526 | 0

Казакстан Кыргызстандын жүк ташуучу унааларын негизсиз текшерүүсүн токтото элек. Көбүнчө Кытайдан келген товарларды тыкыр текшерүү уланууда. Мындан сырткары Орусияга бара жаткан транзиттик товарларды да текшерүүгө алышат. Мунун себеби эмнеде экени боюнча казак тарап расмий билдирүү бербей келет. Мындан улам өлкөдө импорт өсүп, экспорт азайып баратат. Бул маселеге Кыргызстандын тиешелүү органдары салкын мамиле кылып жатканын Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев айтты. Жүк ташуучулардын жалпы көйгөйү  тууралуу өзү менен маек курдук. 

—  Буга  чейин Казакстан Кыргызстандын жүк ташуучуларына ар кандай тоскоолдуктарды жасап жатканы боюнча маалымат берген экенсиз. Бул качан башталган? 

—  Тоскоолдуктардын башталганына төрт жыл болду. Биздин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын президентине орой сөздөрдү айткандан кийин башталган. Ошондон тарта алар биздин унааларды негизсиз токтото баштады. Ал убакыттын өтүшү менен өнөкөткө айланып кетти. Азыр эми бир айда бир же эки айда бир жүк ташуучуларыбызды толук текшерип, унаалар 3-4 күнгө чейин туруп калган күндөр болуп жатат. Көбүнчө Кытайдан келген товарларды аябагандай дыкат текшерип жатышат. Алардын оюнча биз контрабандалык товарларды ташыйбыз. Аны буга чейин бир-эки жолу ачык айтышкан. Аны айткандан кийин кыргыздар деле оңолсок болмок, контрабанданы салбоо керек. Кээде ошондой контрабандалык товарлар чыгып калат. Бирок биздикилер товарларды «пересортица» кылбай жөнөтүп жатат. Ага карабай баары бир деле тигилер тийишкенсип, ар бир кутуну, ар бир баштыкты ачып убара кылышат. Кээде бардык товарды жерге түшүрүп текшерет.

—  Аталган көрүнүштөр акыркы айда күчөп жатабы? 

—  Акыркы айларда күчөгөн деле жок. Алар эки айда бир рейд жасайт. Алардын Салык кызматы товарларды текшерет да.

—  Бул маселени чечип берүүсүн талап кылып, Өкмөткө кайрылып көрдүңүздөрбү?

—  Биздин өкмөткө кайрылып тажадык, биринчи кезекте Транспорт министрлигине кайрылдык. Ал жерден эч кандай жооп болгон жок, баары кайдыгер мамиле жасады. Экономика министрлиги бир аз реакция кылып, министрдин орун басары биз менен барып рейд кылып, изилдегенбиз. Андан кийин ал жетекчилерине айткан, бирок андан деле майнап чыккан жок. Казактар кабагым-кашым деген жок, биздин министрдин орун басарынын деңгээлинде бизди теңине албай жатышат. Ошондуктан мен: «Биринчи өкмөт башчы сүйлөшүүлөрдү башташы керек», — деп жатам. Анан Экономика же башка тиешелүү министрликке өткөрүп берсе, алар аягына чыгармак. Бүгүнкү күндө абал кандай экенин шоопурлардын оозундагы сөзү менен угуп жатабыз. Бизге казак тарап: «Мобу жериңер мындай болгондуктан, минтип текшерип жатабыз», — деп бүгүнкү күнгө чейин расмий билдирүү айта элек. Тымызын айтып жаткандыр, бирок расмий түрдө эч кандай маалымат жок. Эмне үчүн андай текшерүүлөр жүрүп жатканы белгисиз.

—  Шоопурлардын айтуусунда кандай текшерүүлөр жүрүп жатат? 

— Ооба, шоопурлар казак тарапка чек арадан өткөндөн кийин Кордай деген айылда Барык терминалына баарын айдап барып киргизип, ошол жерден текшеришет. Мурда чек ара өткөрмө пункттарында текшергенде, «Биз Бажы биримдигине кирген өлкөбүз, силердин текшергенге акыңар жок», — деп чыкканбыз. Ошондон кийин алар өздөрүнчө терминал куруп, ошол жактан текшеришип, эми «биз салыктарын текшерип жатабыз» деп жатышат. Башында алардын бажы кызматтары, башка кызматтары кийлигишип кеткен болчу, азыр салык кызматы текшерип жатат.

—  Эки өлкөнүн келишимдеринин негизинде салык кызматынын текшерүүгө уруксаты барбы?

—  Келишим боюнча өз аймагында текшерүүгө укугу бар. Бирок, бул жерде эң өкүнүчтүүсү, транзиттик жүктү да текшерет. Транзиттик жүктөр Орусияга бараткан жүктөр, алардын Казакстанга эч кандай тиешеси жок. Эл аралык нормалар бар, ага ылайык транзиттик жүктү токтотууга да, текшерүүгө да эч кимдин акысы жок. Эң негизгиси, төлөмүн төлөгөн болсо, эч ким тийише албайт. Бирок казак тарап аны көңүлгө алган жок.

—  Ушул жерден токтоло кетсеңиз, транзиттик жүктөрдү текшерүү качан башталды?

—  Ал дагы мурдатан эле башталган, азыр төртүнчү жылга бара жатат. Биздин жүк ташуучуларыбыздын акчасы бир эле жерден кетип калып жатпайбы? «Жүктө» десе жүктөйт, «түшүр» десе, түшүрүшөт. Анын баары бекер эмес, казак жигиттерди жалдап иштетет.

—  Сиздер кандай талаптарды коюп жатасыздар? Маселени чечүүнүн кандай жолдорун көрүп турасыздар?

—  Жолдору бар. Биз Транспорт министрлигине, Экономика министрлигине «Казак тарап эмнеге мындай талап коюп жатканынын дайынын билгиле», — деп айттык. «Кайсы талаптарга жооп бербей жаткан болсок, ошолордун баарын Кыргызстандын аймагынан чыга электе эле өзүбүз текшерели, баарын иретке келтирип, анан жөнөтөлү. Биздин жүк ташуучу унаалар талаада жатпасын, чыр-чатак болбосун», — десек, кыргыз тарап үн катпайт. Бул жерде бир мандем бар, «өздөрү кызыкдарбы?» деп да ойлоп кетебиз кээде. Бул — биздикилер илгертен бери көнгөн нерсе. Себеби, мурдатан эле Кытайдан бүдөмүк товарларды алып келет. Жалпы жонунан көйнөк деп коюп, факты түрүндө башка товарлар келе берчү. Ошол көнгөн боюнча эле Орусияга да жөнөтүп жатышкан. Эми азыр анысы тыйылды, кичине тазарды. Бирок ошондо деле биз күнөөлүбүз да. «Кемигинде да бар, керкисинде да бар» болуп жатат. Анан биздикилер дайынын билбейт, баары эле бүдөмүк, бизге эч нерсе айтышпайт. Ортодо соода солгундап, бизде өндүрүлгөн товарларды сата албай калбадыкпы? Мисалга алсак, акыркы төрт жылда импорт өсүп, экспорт азайды. Бул да сооданын солгундап бара жатканын белгиси.

—  Тактап алайын, соода канчага азайды? Анын азаюусуна бажыдагы маселелер себеп болуп жатабы?

—  Албетте, эң күнөөлүүсү — ошол бажыдагы болуп жаткан текшерүүлөр. Анын себебинен биз айыл чарба өндүрүмдөрүн деле жеткиликтүү деңгээлде сата алган жокпуз. Себеби, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинде аябагандай көп тоскоолдук бар. Бул жерден мындай жыйынтык чыгарса болот, Евразия Экономикалык Биримдигине Кыргызстанды атайын өздөрүнүн товарын сатуу үчүн киргизип алышыптыр. Аларда биздин товарды алалы деген ой жок. Өздөрүнүн товарын сатуу үчүн мындай кадам жасалганын, ошол сандар көрсөтүп турат. Эсиңизде болсо керек, ЕАЭБге кирип жатканда биздин президент: «Кошумча керектөөчү рынок түзүлөт, 200 млн калкка товар сатабыз», — деп мактанган. А азыр чындыгында тескерисинче болуп жатат.

—  Маегиңиз үчүн чоң ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM