Биз менен байланышыңыз

11-июндан тарта жума намазга уруксат берилет

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 756 | 0

11-июндан тарта жума намазга уруксат берилет. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Муфтият жума намазга келген жарандарды эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу санитардык эрежелерди так сактоо керектигин эскертет.

Талаптар:

— Беш убак намаз жана жума намаз үчүн мечитке келгендер беткап тагынып жүрүүсү керек;

— Мечитте дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, ар бир адамдын дене табы өлчөнүп туруусу зарыл;

— Адамдар ортосунда 1,5 метр аралык сакталып, мечиттеги орундардын 50%ын гана ээлеши зарыл;

— Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;

— Дааратты үйдөн алуу сунушталат;

— Жаш балдарга, ооругандарга, айрыкча дене табы көтөрүлүп жаткандарга мечитке келбей туруу талап кылынат;

— Мечитке келгендер көпкө кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетүүсү сунушталат;

— Мечитке келгендерге өзүнүн жайнамазын ала келүү сунушталат.

Copyright © 2017 Maral FM