Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан президенти Эверестти багындырган альпинистке унаа белек кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 1244 | 0

Өзбекстанда Эверест чокусун багындырган альпинист Сергей Денисенко «Өзбекстандын сыймыгы» ардак наамы менен сыйланып, андан тышкары президент Шавкат Мирзиеевдин атынан автоунаа белекке берилди.

Денисенко Эверестке 1-июнда чыгып, аны Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арнаган.

Белгилей кетсек, май айында кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Эверестти багындырган. Ал мекенине 5-июнда келген. Эдуард Кубатов — дүйнөнүн эң бийик чокусун багындырган экинчи кыргызстандык. 1997-жылы Дмитрий Греков да чокуга чыгып келген.

Эверест – Жер шарындагы эң бийик чоку болуп эсептелет. Анын бийиктиги дээрлик 8 миң 849 метрге жетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM