Биз менен байланышыңыз

Жети-Өгүз районунда жол кырсыктан 3 адам каза тапты

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 396 | 0

Жети-Өгүз районундагы Дархан айылынын унаа жолундагы кырсыктан 3 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык бүгүн, 8-июнда таңкы саат 4:30 чамасында болгон. Ысык-Көлдүн тескей унаа жолунун 178-чакырымынан (Дархан айылынын чоң жолу) BMW-525 жана AUDI C-4 унаалары кагышкан.

Окуя болгон жерге Каракол шаарынын №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 кызматкер барган. Кырсыктан 3 адам көз жумуп, эки адам ооруканага жеткирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM