Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Киевде кыргыз-украин бизнес-форуму өтөт

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 666 | 0

Бүгүн, 8-июнда Украинанын борбору Киев шаарында кыргыз-украин ишкерлеринин бизнес-форуму өтөт.

Ушул тапта Киев шаарына Кыргызстандан 15тей ишкер келген, алар ар бири өз тармагы боюнча бүгүнкү форумда кызматташууларды түзүүгө үмүттөнүп турушат.

Киевдин агрардык тармагы кеңири талкуулана турган бизнес-форумга Кыргызстандын Украинадагы элчиси Жусупбек Шарипов, Украинанын соода өнөр жай палатасынын президенти Геннадий Чижиков, вице-президенти Король Валерий, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Николай Роик, ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев да катышып, сөз сүйлөөрү күтүлүүдө.

Ошондой эле ЖИА бизнес ассоциациясы Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу, ал эми Украина тарап суу ресурстары жана агрардык тармагы боюнча презентация жасайт.

Форумдан кийин ишкерлер өз тармактары боюнча украиналык кесиптештери менен бетме-бет жолугушууларды өткөрүп, кызматташуу жөнүндө келишимдерди түзөт. Мунун алкагында «Агро-2021» аталышындагы XXXIII Эл аралык көргөзмө да болот.

7-июнда ЖИА бизнес ассоциациясы ондон ашык ишкерди Киев шаарына алып келген. Алар бул шаардын агрардык тармагындагы ийгиликтери менен таанышып, тажрыйба алмашып жатышат.

Кыргыз балчылары Украинада (сүрөт, видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM