Биз менен байланышыңыз

Кыргыз балчылары Украинада (сүрөт, видео)

Экономика | 8 Июн 2021 | 6384 | 0

ЖИА бизнес ассоциациясына мүчө ишкерлер Украинага иш сапары менен келди. Делегация алгач Украинанын XIX кылымдын башталышынан берки бал аарычылыкка тиешелүү бардык тарыхы сакталган илимий институтуна барышты.

Бул институт КМШ же постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Украинада гана бар. Анда күчтүү адистер, лаборатория, эксперимент жүргүзгөн аянтчалар, илимий эмгектер жана башка бардык изилдөөлөр сакталган. Ишкерлердин айтымында, бал аарычылык тармагында илимий изилдөөлөр, негиздемелер маанилүү.

Быйыл Украинанын бал аарычылык боюнча институтунун үч адиси кыргызстандык балчыларды окутуп, тажрыйбасы менен бөлүшкөн. Алар балдын сапаты, өндүрүү иштери, бал аарынын породасын жакшыртуу боюнча Бишкек, Ош шаарларында бир жума окутуудан өтүштү. Аны уюштурган ишкер Кадыр Аалы мындай окутуулар дагы уюштуруларын кабарлады.

Мамлекет быйыл гана бал тармагына көңүл бура баштады

— Айыл чарба министрлиги быйыл эле бал тармагына көңүл бура баштады. Жаңы келген министр айыл чарбасын өнүктүрүүнүн алты тармагынын бири катары бал аарычылыкты киргизди. Биздин ишкерлер бул тармакты өнүктүрүп кете алышат, мүмкүнчүлүгү жогору. Болгону Кыргызстандан балды, бал азыктарын чет жактарга чыгарууга шарт түзүлбөй жатат. Продукция бар, мамлекеттик колдоо жок. Экспорт кылуу үчүн ушул Украинадагыдай институт керек.

Кыргызстандын балына талап күчтүү, баасы да кымбат. Дүйнөдө алдыңкы орундарды алып жүрөт. Азыр Кытай, Америка, Арап өлкөлөрү, Японияга сатылат. Биз Украинага жасаган иш сапардын алкагында ушул институт менен иштешүүнү чыңдайлы деп атайын меморандум көтөрүп келдик. Элчиликтин жардамы менен келишим түзүлөт деп үмүттөнөбүз. Келишим ушул  институт менен «Аман-Гринфуд» компаниясынын ортосунда түзүлөт.

Бал тармагынан көп акча таппасак да, кызыгуунун артынан жүрөбүз

Кадыр Аалы бал менен алектенип жүрүп, 2013-жылы «Аман-Гринфуд» компаниясын түптөгөн. Андан бери балды экспортко чыгарып жүргөн. Азыр жеке лабораториясын кура баштады. Аны аягына чыгарууда Украинадагы бал аарычылык институтунун тажрыйбасын алуу ниети бар. Кыргызстанда мындай бир да лаборатория жок.

Ишкер бал аарынын өзү ыйык экенин, балдын дары катары да пайдасы болгондуктан жеке кызыгуу менен ушул тармакты өнүктүрүүгө ынтызарлыгы барын айтты.

Бал тармагы өнүгүү жолуна түштү

Бал аарычылык тармагын өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан дагы бир ишкер Канат Байыш уулу. Ал 1992-жылдан бери ушул тармакта иш алып барат. Жакында эле «Бал Аман» компаниясын негиздеди. Ал Украинадагы бал аары институтуна буга чейин да келип кеткен.

Канат Байыш уулунун айтымында, Украинада бал аарычылардын саны да көп, өндүрүштүн көлөмү да чоң. Кыргызстан союз убагында балдын өндүрүшү боюнча 3-4 орунда турган. Азыр андан да жогору деңгээлге чыгууга потенциал бар, бирок мамлекеттик колдоо зарыл. Бал тармагы акыркы беш жылда өнүгүү жолуна түштү.

— Бал тармагын өнүктүрүү үчүн мамлекет да, дыйкандар да бирге иштеши керек. Биз азыр Германия, Франция, Кытай, Казакстан, Орусия, Арап өлкөлөрүнө сатып жатабыз. «Бал Аман» компаниясынын түптөлгөнүнө аз эле болду. Бирок мен 1992-жылдан бери алектенем. Биз бул жерге январь айында келип кеткенбиз. Украиналыктардан балды өндүрүү боюнча көп тажрыйба алса болот.

ЖИА бизнес биримдигинин төрагасы Жоодар Омошев Кыргызстанда бал өндүрүүнүн тарыхы, анын ийгиликтери тууралуу хронология түзүүнү сунуштады. Анын пикиринде, ар бир тармактын, кесиптик жумуштардын тарыхы болбосо кийинки муунга оор болот. Бир ишти түпкүлүгүн билбей туруп жасоо татаал.

— Ушул музейди көрүп, Кыргызстанда да бал тармагынын башталышынан тарта атайын тарых катары хронология түзүү керек деген ойго келдим. Биздин өлкөдө бал тармагынын мүмкүнчүлүгүн жакшы пайдаланбай жатышат. Акыркы он жылда кыргыз ишкерлер маани бере башташты, бирок бизден өтө чоң көлөм чыкпайт. Биз төрт жыл мурун Монголияга бал экспорт кылганда 15 тоннаны 4-5 райондон араң чогултканбыз. Анын үстүнө, алар бир сапаттагы балды талап кылышкан. Ошондуктан буга концептуалдык көз караш керек, бул тармакты да кирешелүү экенин түшүнүп, мамилени өзгөртүү зарыл.

Украина агрардык мамлекет болгондуктан кыргызстандык ишкерлери тармактагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга кызыкдар.

Төмөндө Украинанын бал аарычылык боюнча улуттук музейине сапардан сүрөттөр жана видео:

\

Copyright © 2017 Maral FM