Биз менен байланышыңыз

Орхан Инандыны табуу талабын койгон митингдер эми башкача форматта өтөт

Коом , Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 2764 | 0

«Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын дайынсыз жоголгонуна бүгүн туура бир жума болду. Аны ыкчам издөө иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, масштабдуу иштер уланып жатканы айтылганы менен натыйжасы ушул кезге дейре ачыкка чыкпай келет. Буга байланыштуу борбор калаада бүгүн алтынчы жолку митинг болуп өттү. Катышуучулардын айтымында, мындай көрүнүштөр өтө күмөндүү жана бийлик өкүлдөрү кайдыгер мамиле жасап жаткандыгынын белгиси. Алардын көпчүлүгү Орхан Инанды Бишкекте жана Түркия элчилигинин имаратынын ичинде кармалып отурганын айтып чыгышты. 

Күн сайын «Сапат» билим берүү мекемесинин студенттери, бүтүрүүчүлөрү, мугалимдери жана бардык тынчсызданган жарандар дайынсыз жоголгон Орхан Инандыны таап берүүнү талап кылууда.

Бүгүнкү тынчтык акциясы өзгөчө форматта өттү. Эгерде буга чейин чогулган элдин алдына Кыргызстандын белгилүү инсандары, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер чыгып сөз сүйлөп, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошсо, бүгүнтөн тарта Европа өлкөлөрүндө кеңири таралган «Үнсүз талап» форматында өтмөй болду. Демек, эми Орхан Инанды табылмайынча тынчтык акциялар «үнсүз», кайрылуу жазылган плакаттар аркылуу чагылдырылып турат. Мындай жаңылануу киргизилгени тууралуу жарандык активист Нурсултан Майназаров билдирди.

«Биринчиден биз митинг өткөрбөй элебиз. Биздики тынчтык акциясы. Эми мындан ары «үнсүз режимге» өттүк. Биз болгону өзбүздүн айтчу сөзүбүздү, позициябызды ушул плакаттарды колубузга кармап чыгып көрсөтөбүз. Күндө, агайыбыз табылмайынча Өкмөттүн үйүнүн алдында саат 10:00дөн 12:00гө чейин чыгып турабыз. Бир гана Орхан Инандынын табылышын талап кылып жатабыз, башка эч кандай максат, талап жок», — деди Майназаров.

Акциянын катышуучусу Уулкан апанын үч небереси «Сапатта» окуйт. Ал Кыргызстандагы балдарды туура тарбиялоого, аларга жакшы билим берүүгө салымын кошуп келген Орхан Инандыны таап беришин президенттен суранууда. Уулкан апа өлкөдөгү кадимки мектептер «Сапаттан» аябай айырмаланганын баса белгилеп, Орхан Инандынын дайынсыз жоголушу өлкөнүн билим берүү системасына доо кетирерин кошумчалады.

«Менин үч неберем «Сапатта» окуйт. Балдарды аябай жакшы тарбиялайт да, мыкты адис кылып чыгарат. Анын бүтүрүүчүлөрү чет өлкөлөрдө жакшы кызматтарда иштеп, Кыргызстанга өз салымын кошуп келишет. Бул маселе бизди аябай кабатыр кылып жатат. Президенттен жалпы ата-энелердин атынан суранат элем: «балдарыбыздын атасын» таап берсин, бизге, үй-бүлөсүнө аман-эсен алып келип тапшырсын», — деди Уулкан апа.

31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү, президенти Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды видео кайрылуу жасап, президенттен жана жалпы кыргыз элинен жолдошун Түркияга бербей сактап калууну суранган. Ал жолдошу Кыргызстандын жараны экенин белгилеп, учурда аны Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында кармап турганы боюнча ага маалыматтар келип жатканын билдирген.

«Бүгүн-эртең Орхан агайды кыйнап, Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу боюнча арызын жаздырып, Кыргызстандан алып чыгып кетишет экен. Ушак дейин десем, дал ушул жол менен Түркия дүйнө жүзүндө «Сапат» системасында иштеген мугалимдерди «террорист» деген жалган жалаа менен Түркияга алып кетип жатат. Бул жөнүндө маалыматтарды интернет булактарынан оңой эле тапсаңар болот. Өзүңүздөрдүн жаранды Түркияга бербөөнү суранам, сактап калыңыздар», — деди Рейхан Инанды.

Ал эми жактоочу Таалайгүл Токтакунова Орхан Инанды Түркия элчилигинин имаратынын ичинде деген маалымат жалган эмес жана мындай маалыматты Рейхан Инандыга ишенимдүү адам кабарлаганын айтты. Бирок аны ким бергенин азырынча ачык айтуу мүмкүн эместигин, себеби ал адамдын өмүрүнө коркунуч жараларын билдирди.

«Силер эң жакшы билесиздер, Орхан Инандыны издеп жатканыбызга бешинчи сутка болуп калды. Биздин Өкмөт издөө иштерине «мыкты адистер» тартылган деп жарыялады. Ошондо «жамандардын мыктыларыбы же мыктылардын жамандарыбы?» деген суроо туулат? Анткени 5 суткадан бери эч кандай маалымат жок. Күн сайын анын үй-бүлөсү, жубайы, балдары: «Биздин Өкмөт кыргыз жаранын табат», — деген үмүт менен күтүп жатышат. Азыр болгону дайынсыз жоголгон же уурдалган деген гана маалымат талашка түшүп жатат. Орхан Инандынын жубайына ага келип түшкөн маалымат менен бөлүштүк. Анда Орхан Инандынын Түркия элчилигинин имаратында кармалып турганы, аны кыйнап, кыргыз жарандыгынан чыгам деген арыз жаздырып, Кыргызстандан бүгүн-эртең алып чыгып кетиши мүмкүндүгү айтылган. Ошол замат суроо туулат? Мейли, Орхан Инанды кыргыз жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз жазса да, ал өз ыктыяры менен жазбайт. Ар бир жаран, биздин Өкмөт буга жол бербейт деп ойлойт», — деди Токтакунова.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги мындай билдирүүлөргө комментарий бере элек. Ал эми Ички иштер министрлигине жогорудагы маалымат боюнча кайрылганыбызда, биздин суроону жоопсуз калтырды.

Copyright © 2017 Maral FM