Биз менен байланышыңыз

Президент жумушка мас келген Чүй облусунун сотуна чара көрүүнү тапшырды (видео)

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 1332 | 0

Биз качан гана оңолгондо, кынтыксыз жүрүм-турумга ээ болгондо жана адилет чечим чыгарууга багыт алганда гана реформаларды ишке ашыра алабыз. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында билдирди.

Жыйындын аягында Чүй облустук сотунун төрагасы жумушка мас абалында келген видеону көрсөтүп, Жогорку Соттун төрайымына тез арада чара көрүүнү тапшырды.

«Биз бир топ убакыттан бери мыйзамдарды иштеп чыгып, жаңы Конституцияга ылайык келтирели деп жатабыз. Анан минтип сотторубуз өздөрү оңолбосо, мыйзамдарды алтын тамга менен жазсак да, мындай соттор менен реформаны аягына чыгара албайбыз. Мына бир чоң облустагы бардык сотторду караган соттордун төрагасы күндө арак ичип мас экен. Анан ушундай соттор менен биз кантип реформа жүргүзөбүз?!» — деди Жапаров.

Ошондой эле ал Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакировага тазалануу сунушун берип, бүгүн тез арада соттук кеңештин жыйынына салууну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM