Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик Баткендеги жаңжалда жабыркагандарга 170 миң евро бөлдү

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 292 | 0

Евробиримдик Баткендеги чек ара жаңжалында жабыркагандарга гуманитардык жардам катары 170 миң евро (17,5 млн сомго жакын) бөлдү.

Аталган жардам Баткен облусунун көбүрөөк жабыркаган райондорунда, анын ичинде Лейлек районунун 6 миң тургунуна берилет. Каражат «Кызыл жарым ай» коомунун Кыргызстандагы кеңсеси аркылуу даректүү бөлүштүрүлөт.

Эскерте кетсек, апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 180ден ашык адам ар кандай жаракат алган. 50 миңден ашык турган үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM