Биз менен байланышыңыз

УКМК: Чек арачылар кадимки кызмат өтөө тартибине өттү

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 326 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, чек арачылар кадимки кызмат өтөө тартибине өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 6-июнь күнү Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында тараптардын кошумча күч жана каражаттарын туруктуу жайгашкан жерине алып кетүү иштери аяктаган.

«Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын чек ара бөлүмдөрү кадимки кызмат өтөө тартибине өттү», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 4-июнда саат 03:00дө Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагына миң метр кирип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак мамлекеттик чек арасынын тактала элек бөлүгүнө контейнер орнотуп кеткен. Буга байланыштуу Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалганын билдирген.

Андан кийин эки тараптын чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын төрагалары жолугушуп, анын жыйынтыгында биргелешкен протколго кол коюшкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM