Биз менен байланышыңыз

Президенттин жакындарынын атын колдонуп ири суммада акча алып жүргөн жаран кармалды

Кыска кабар | 5 Июн 2021 | 845 | 0

Өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинин коррупциянын негиздерин жоюу аракеттерин дискредитациялоого багытталган фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында ири көлөмдөгү алдамчылыктын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын «Ш.Н.Р» аттуу жараны президенттин жакын туугандарынын ысымдарынын артына жашынып, Каракол шаарынын мамлекеттик мекемесинин башчысы кызмат ордун сактап калуу үчүн (5 миң доллар жана 45 миң сом) каражатын  ээлеп алган.

Бул факты боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин «Ири көлөмдөгү алдамчылык» беренеси боюнча кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон. 4-июнда аталган адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

УКМК мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлеринин, ошондой эле алардын жакын туугандарынын ысымдарын жана кадыр-баркын кылмыштуу максаттарда колдонууда, кол салгандарга карата колдонулуп жаткан мыйзамдардын чегинде эң катаал чаралар көрүлөрүн эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM